• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыргандардын эң улуусунун жаш курагы айтылды

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Рысбеков жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшыргандардын эң улуусу тууралуу сөз кылды.

Рысбеков ЖРТны тапшырууда жаш курак боюнча чектөө жоктугун белгилейт.

“ЖРТни тапшырууга эң улуу 74 жаштагы аял киши келген. Ал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медфакультетинде окууда”, - дейт ал.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева ЖОЖдордо окуп жаткан студенттер тестти тапшыруу үчүн каттоодон өто албай турганын маалымдады.

“ЖРТга өтүү үчүн окуу жайынан чыгышы керек жана тастыктама документин алып келиши зарыл”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий