• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдүн түбүнөн жалпы 14 миң метр тор жана 500 кап желим тазаланды

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ысык-Көл суусун тазалоо боюнча төрт иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Таза Ысык-Көл” коомдук фондунун директору Анвар Шамсутдинов билдирди.

Шамсутдинов көлдө негизги таштандылар тор жана желим экендигин айтат. “Ысык-Көлдү тазалоо боюнча өткөрүлгөн төрт иш-чаранын жыйынтыгында чогултулган торлордун узундугу 14 миң метрди түздү. Ошондой эле 500 кап желим, башкача айтканда, 10 тонна желим таштанды алынды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий