• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эль-Кувейтте кыргыз маданиятынын фестивалы жана Айтматов боюнча конференция өттү

Коом 0

Эль-Кувейт, 20.02.19. /Кабар/. Эль-Кувейт шаарында Элдик мурас фестивалы жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференция болуп өттү. Иш-чара Кувейт Университетинде болду.

Фестивалдын алкагында салттуу кийимдердин көргөзмөсү жана Кыргызстандын чыгармачыл тобунун концерти уюштурулду.

Фестивалга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КРнын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова, Кувейт Университетинин профессорлору жана деканы катышты. Кыргызстандын Чыгыш Университетинин мурдагы ректору Алмаз Ибраев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жөнүндө чоң доклад жасады.

Маданият министри Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, Кувейттин жарандарын өлкөбүзгө келип кетүүгө чакырды.

"Биринчиден, Кыргызстан - тоолордун өлкөсү. Биздин аймактын 95%ы тоолордон турат. Бизде туристтерди кызыктыра турган чокулар бар. Биздин өлкөдө тоо туризми өнүккөн. Экинчиден, Кыргызстан Жибек Жолундагы өлкө болуп, чыгыш менен батыш маданиятын байланыштырып турат. Кыргызстанда көптөгөн тарыхый жерлер бар. Алардын айрымдары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын катарына кирген. Үчүнчүдөн, Кыргызстан - көчмөндөрдүн өлкөсү. Ал жактан көчмөн элдердин салты, маданияты жана тамак-аштары менен таанышууга болот. Өткөн жылы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өттү. Төртүнчү оюндар 2020-жылы Түркияда өтөт. Оюндарды башка өлкөлөрдө өткөрүү жөрөлгөсү улантылат деген ишеничтебиз", -деди ал.

Ошондой эле Жаманкулов Кувейттин жарандары үчүн визасыз тартип бар экени белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий