• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек мэриясы инвесторлорду кызматташууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар департаменти мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлорду кызматташууга чакырат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, долбоордун алкагында “Асанбай” кичи районунда көп функционалдуу спорттук-эс алуу комплексин куруу каралган.

Курулуш улуттук жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен жүргүзүлөт, анда бассейн, душ бөлмөлөрү, кийим чечүүчү бөлмөлөр, эмеректер, ошондой эле жабык спорт аянтчалары жайгаштырылат.

Жер тилкесинин жалпы аянты 0,1392 га. Комплекстин аянты 1 771,05 чарчы метр, анын ичинде биринчи кабаттын аянты 1610,19 чарчы метр , экинчи кабат 269,42, жертөлө 800,4 чарчы метрди түзөт.

Толук маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алууга болот: 0 (312) 66 09 46 Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестиция департаментинин дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 328.

Пикир

Оставить комментарий