Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кайсы райондорго кошулары белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кошулгандан кийин борбор калаада райондордун саны көбөйбөйт. Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте алар кайсы районго кошулары көрсөтүлгөн:

1. Ленин районунун аймагына Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары;

2. Октябрь районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы;

- Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;

- Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак конушу жана № 544, № 545, № 552 контурлары;

3) Биринчи май районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары;

- Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу;

- Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру;

4) Свердлов районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары;

- Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жа», Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары.

Пикир

Оставить комментарий