• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектин дагы бир көчөсүнө жаңы асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бишкектин Беларусь көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт алынып, тротуар, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулуп, эки катмар асфальт төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлүп, коопсуз өтмөк үчүн жасалма дөңчө орнотулду.

Оңдоо иштери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жылга карата кошумча титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий