• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкектин көчөлөрүн булгаган жүк ташуучу унаанын айдоочусуна айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу Бишкектин Фрунзе/Абдрахманов көчөсүнүн бир бөлүгүн булгагандыгы аныкталып, ага айып пул салынды.

Мэриядан билдиришкендей, Муниципалдык инспекция тарабынан айдоочуга туура эмес иш-аракети жана жолдун булганышын алдын алуу чараларын көрбөгөндүгү үчүн эскертүү берип, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, айдоочуга шаардын жол тармагынын булганышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана жакшыртуу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бишкек мэриясы төгүлө турган материалдарды ташууда брезент (cуу өтпөй турган калың кездеме) менен жабуу, ошондой эле атайын техниканын ишке жарамдуулугун текшерүү зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий