Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы Свердлов районунда тышкы жарыктандыруу тармактарында жакшыртуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, адистер Чоң-Коргон, Рабочая, Гончар, Боом, Калым жана 8-март көчөлөрүндөгү жарык чырактарын оңдошту.
"Андан тышкары, 17 светодиоддук чырак орнотулуп, №66 мектептин аймагында 400 метр электр зымдары тартылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий