• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абад облусунда жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында “МАК-2021” операциясынын алкагында «Кара-Куурай» аталышындагы атайын ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын алкагында ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБдин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынууда.

Мындай иш-чаралар Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул РИИБдери тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көмөктөшкөн. Жалпысынан 8 гектардан ашуун жерде өскөн 12 тоннадай жапайы кара кара куурай жок кылынды.

Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга баңгизаттарына байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий