• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкектин көчөлөрүнө жазы жалбырактуу бак-дарактар отургузулат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Ч.Айтматов проспектисинин Ажыбек баатыр көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жазы жалбырактуу бак-дарактар отургузулат. Бул тууралуу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев пресс-турда билдирди.

Анын айтымында, проспектинин бул бөлүгүндөгү 1400 түп терек кыйылып, ордуна жазы жалбырактуу бак-дарактар, бадалдардын жана гүлдөрдүн түрлөрү отургузулат. Бул бак-дарактардын артыкчылыгы биздин климаттык шартыбызга ыңгайлашкандыгында.

“Шаардагы бак-дарактардын көбү 1960-70-жылдары отургузулган. Кээ бир дарактардын жашы 80-90 жыл. Көчөттөрдүн сактоо мөөнөтү жана стандарттары бар. Маселен, теректин жарактуулук мөөнөтү 40-45 жыл болсо, азыр Ч.Айтматов проспектиндеги теректерге 50 жылдан ашты. Көбүнүн сабагы чириген, ошондой эле оорунун белгилери да бар. Көпчүлүк бак-дарактардын жогору жагы куурап, жолдун четине да, аллеяга да эңкейиш болуп, жол кыймылына жана адамдарга коркунуч туудурат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий