Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакча курула баштады

Коом 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Бишкектин Калыс-Ордо конушунда бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгиленгендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метр, жалпы аянты - 0,68 гектарды түзөт.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн-зоок, буфет, ашкана, жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюга арматураларын токуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий