• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин каратэ боюнча курама командасы эл аралык турнирде медалдарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөлөрү 23-26-февралында Бириккен Араб Эмираттарынын Фуджейра шаарында өткөн каратэ боюнча WKF KARATE 1-Youth League Fujairah рейтингдик эл аралык турнирине катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Турнирге 66 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышты.

14 жашка чейинки уландар арасында 55 кг салмакта күмүш медалды Бишкек шаардык курама командасынын мүчөсү Илья Кобелев алып келди. Биринчи беттешинде Катардын спортчусун 6:0 эсебинде жеңип, андан соң БАЭ спортчусун ушундай эле эсеп менен, үчүнчү беттешинде Хорватиядан келген спортчуну 7:2 эсебинде жеңип, финалга чыгып, египеттикке 2:0 эсебинде утулуп калды.

14-55 кг чейинки уландар арасында коло медалды Явгет Матвей алды. Жарым финалда Люксембургдан келген атаандашына 6:0 эсебинде утулуп, кийинки коло медаль үчүн күрөштө Польшадан келген спортчуну 2:1 эсебинде жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий