• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.23. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарындагы 3-кичирайонунун аймагынан ок атуучу курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, курал сактоочу жайдан 1 желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал), 1 револьвер тапанчасы, 1 Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ), 1 ПМ магазини, 7 (9мм) ПМдин травматикалык патрону , 10 (16 калибр) аңчылык патрону жана 5,45 калибрдеги 88 патрон табылган.

Аталган факты Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий