• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кулматов менен Ибраимовдун иши: Айыпталуучулардын бири өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун жана дагы 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Өмүрканов өзүн жаман сезип, сотко тез жардам чакырылды. Учурда сот 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий