• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маршрутка айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирет.

Маалыматка ылайык, маршруттук таксилердин айдоочуларынан системалуу түрдө опузалап акча каражатын талап кылууда көрсөтүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Кезектеги 15 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» мамлекеттик мекемесинин эксплуатация бөлүмүнүн башчысы М.К.Ж. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган М.К.Ж., мыйзамсыз киреше алуу жана баюу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, линиялык жүргүнчү ташуучу автобустардын айдоочуларынан акча өндүрүү боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, М.К.Ж. айдоочуларга дайыма психикалык кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен, ошондой эле каттамдан четтетүү же жумуштан кетирем деп айдоочулардан акча каражатын талап кылып турган.

2022-жылдын 15-ноябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча М.К.Ж. кармалып, шектүү катары Кыргыз Республикасынын УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий