• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип үч жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 2-октябрь күнү Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын бейтепканаларынын бирине дене жараты менен жаран кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча дароо ыкчам тергөө тобу чыккан. Ыкчам топко арыз менен Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын 1995-жылы туулган К. Т. аттуу тургуну кайрылган. Арызда ал 2021-жылдын 30-сентябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Төмөнкү-Чүй айылынын Маданият үйүнүн жанынан бейтааныш балдар келип сабап кетишкендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталган.

Чүй ОИИББнин жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 2000-жылы туулган Ж.Б., К.Э. жана К.Т. атту жарандар кармалган.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармочуу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий