Бишкектин Курманжан датка көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн "Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы тарабынан Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан жылуулук тармагынын тилкесинде авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жылуулук тармагын оңдоо Курманжан Датка көчөсүндө Чүй проспектиси менен Огонбаев көчөсүнүн ортосунда, ошондой эле Фрунзе менен Салиева көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө жүргүзүлөт. Оңдоо иштерине байланыштуу Курманжан датка көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.

Эскерте кетсек, жылуулук тармагынын бул участоктору 1984-жылы ишке киргизилип, эксплуатациялык мөөнөтүнөн ашып кеткен.

“Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырып, зарыл болгон оңдоо иштеринин натыйжасында келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий