Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Учурда Бишкектин Ленин районунун аймагында 44 жеке менчик үй тибиндеги бала бакча бар.
Муниципалитеттен билдиришкендей, алар 800дөн ашуун баланы камтыйт.
Алардын ичинен:
- 2023-жылы 19 үй тибиндеги бала бакча ачылып, 435 бала камтылган;
- 2024-жылы 25 бала бакча ачылып, 375 бала камтылган.
Белгиленгендей, үй тибиндеги бала бакчалардын ачылышы балдар жана ата-энелер үчүн эле ыңгайлуу шарттарды гана түзбөстөн, 150дөн ашык жумуш орундары да түзүлгөн.
Үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу министрлер кабинетинин "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылууда.
Пикир
Оставить комментарий