• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаратылышты коргоо кызматтары республикалык бюджетти дээрлик 115 млн сомго толуктады

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргызстандын жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча кызматтар республикалык бюджетти 114 млн 974 миң 37 сомго толуктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз балык уулоо жана өсүмдүктөрдү кыюу үчүн айып салуулардын көлөму 3 млн 389 миң 635 сомду түздү. Жалпысынан 244 факты катталган. Бүгүнкү күндө 2 млн 260 миң 181 сом өндүрүлдү.

Менгенчиликке уруксат берүүдөн түшкөн каражат 106,7 млн сомду түздү, анын ичинен 100,6 млн сом - чет элдик туристтик менгенчиликтен жана 6 млн со - ышкыбоздук спорттон түшкөн.

Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн республикалык бюджетке 88 чарба жүргүзүүчү субъекттен 292 млн 9 миң 517 сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий