• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тогуз-Торо районунун жергиликтүү бюджетинде 1 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Тогуз-Торо районунун бюджетине аудит жүргүзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгы боюнча 1 млн 58,5 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Анын ичинен:

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 41,5 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы – 626,4 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 66,7 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 49,7 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 147,5 миң сом;
  • утурумдук болуп жаткан чыгымдарды эсепке алууда мыйзам талаптарынын сакталбашы (пландалган максатына жетпей сарпталган каражаттар) – 58 миң сом;
  • - дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 68,5 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий