Бишкектин Ленин районунун башчысы балдардын реабилитациялык борборлоруна барды

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев жана акимдин орун басары Айзада Жунусова райондо жайгашкан балдардын реабилитациялык борборлоруна барышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алар "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмесинде болуп, абалы менен таанышып, белектерин тапшырды.

Борбордо турмуштук оор кырдаалга кабылган 3 жаштан 18 жашка чейинки балдар тарбияланат.

Ошондой эле аким "Үмүт-Надежда" балдарды реабилитациялоо борборуна барып, балдарга акчалай сертификат тапшырды. Бул реабилитациялык борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген жана даун синдрому бар балдар тарбияланат.

Пикир

Оставить комментарий