• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Японияда «Като Бихоен» компаниясы кыргыз балын сата баштады — элчилик

Коом 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-августунда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Токионун Асакуса районундагы «Като Бихоен» компаниясынын дүкөнүнө барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун башында «Като Бихоен» компаниясынын директору Като Дзютаро ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Андан соӊ ал компания Кыргызстанда өндүрүлгөн балды сата баштаганын жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Като Дзютаро белгилегендей кыргыз балы кымбат баада болгонуна карабастан, Япониянын жарандарынын арасында популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына басым жасады.

Өз кезегинде элчи М.Арстанбаев Кыргызстанда бал экспорттоонун өсүү тенденциясын канааттануу менен белгиледи.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин активдүү иши менен 2020-жылдан бери экспорттун кескин өсүшү байкалууда.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын биринчи жарымында (январь-июнь) Японияга бал экспорттоонун көлөмү 25,2 тоннаны түздү (2020-жылы 15,7 тонна, ал эми 2019-жылы – 13,4 тонна). Элчи компанияларга эки өлкөнүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да компанияларга жардам берүүгө даяр экенин айты.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстандын органикалык продукциясын Японияга экспорттоону мындан ары илгерилетүү боюнча тыгыз байланышта болууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: "Kato Bihoen" компаниясы 1947-жылы негизделген, кызматкерлеринин саны 226 адам, компаниянын 2020-жылдагы сатуу көрсөткүчтөрү 125 миллион АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий