• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Орозалиев: Бишкекте 25-марттан бери 15 жол кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Бишкекте 25-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин 15 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ал белгилегендей, жол кырсыктарынан 25 киши жабыркаган (арасында жашы жете электер жок). Каза болгондор жок.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 144кө жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыгып чыкты. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий