• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Манас көчөсүндөгү жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилер алынат

Коом 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимиаты Манас көчөсүн реконструкциялоого байланыштуу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында жолду реконструкциялоодо тоскоолдук жараткан электр өткөргүч линияларынын түркүктөрүн жана объектилерди алуу маселеси каралды.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тоскоолдук жараткан объектилерди алууну тездетүү, Батыш РЭСке жана Бишкек шаардык телефон тармагына түркүктөрдү жылдыруу, ошондой эле №13 муниципалдык аймактык башкармалыгы "Бишкексууканал" башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштери башталганга чейин жер иштерин бүтүрүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, жолдун жээгине Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Чоң Чүй каналынан паркка чейинки бөлүккө ирригациялык түйүндөрдү орнотуу жүрүүдө. Жакында эс алуу аймагынын жашыл аянттары толук сугарылат.

Жыйынга Биринчи май районунун башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков, Капиталдык курулуш башкармалыгынын, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, "Бишкексууканал" башкармалыгынын, Батыш РЭСтин, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий