• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Пилоттук долбоор ишке киргизилген КТБлар узартылган иш тартибине өтөт – СӨМ

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып пилоттук долбоор киргизилген Кыргызстандын аймактарындагы калкты тейлөө борборлору узартылган иш графигине өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ошентип, жаңы графикке ылайык КТБлар 08:00дөн 20.00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт. Учурдагы иш графиги 9:00дөн 18:00гө чейин иштеп, түшкү тыныгуусу саат 12:30дан 13:30га чейинки убакытты түзчү. Алар:

1. КТБ-2 Бишкек шаарынын Свердлов району и Чүй облусунун Аламүдүн району;

2. КТБ Каракол шаары (Ысык-Көл облусу);

3. КТБ Ош шаары;

4. КТБ Баткен шаары (Баткен облусу);

5. КТБ Шопоков шаары (Чүй облусу);

6. КТБ Кочкор аайылы (Кочкор району, Нарын облусу);

7. КТБ Сузак айылы (Сузак району Жалал-Абад облусу).

Министрлик калган аймактар аралык бөлүмдөрү акырындык менен жаңы иш тартибине өтөрүн маалымдайт.

"Бул өзгөрүүлөр калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, мамлекеттик кызматтарды оңой алуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн жасалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, күн сайын өлкө боюнча аймактар аралык бөлүмдөр 500дөн 2500гө чейин жарандарды тейлейт. Кезектерди жоюу жана калк үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий