Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бишкектин Матросов көчөсүн оңдоо иштери жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда аталган көчөнүн Кулатов көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери уланууда. Жолдун негизин даярдоо жана асфальтбетон аралашмасын төшөө пландаштырылууда.

Жеринде көчмө жыйын өткөрүлүп, анын жүрүшүндө "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына субподрядчы менен биргеликте жолду асфальттоого даярдык көрүүнү тапшырылды, ошондой эле муниципалдык администрацияга жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасына Лев Толстой көчөсүн Матросов көчөсүнө чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилди.

Бүгүнкү күндө кызматкерлер базардын соодагерлери менен жол тосуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, 2023-жылы тротуарды капиталдык оңдоо, ирригациялык системаны орнотуу жана эски асфальтын алып салуу иштери аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий