Бишкектин Мурас-Ордо конушунда үй тибиндеги бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Мурас-Ордо конушунда «Өкмөттүк акселераторлор» программасын жайылтуунун алкагында үй тибиндеги бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты.

Мындан бир жыл мурда Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алгачкы жеке ишкер-катышуучуларын кабыл алган.

Бул программанын алкагында бала бакчаларды ачууга лицензия берүүдөгү коррупциялык системаны жоюу жана жеке ишкерлер тарабынан коопсуздук талаптарын сактоо менен турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү каралган.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында бир жыл мурда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын жеке ишкер-катышуучулары тарабынан ачылган үй тибиндеги бала бакчаларында бүтүрүү кечелери өткөрүлүп, жаңы бала бакчалар ачылууда.

Республика боюнча жалпысынан 138 үй тибиндеги бала бакча бар. Бишкек шаарында, айрыкча бала бакчалар жана аларды куруу үчүн жер тилкелери жетишсиз жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтөт. Ош шаарында жана Ош облусунда - 18, Баткен облусунда - 12, Нарын облусунда - 8, Талас облусунда - 8, Чүй облусунда - 24, Ысык-Көлдө - 12 жана Жалал-Абад облусунда - 13 үй тибиндеги бала бакча иштей баштады.

Ал эми бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү Кыргызстандын бардык аймактарында мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ысык-Көл облусунда дагы 2 үй тибиндеги бала бакча, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 2 жана Нарын облусунда 1 үй тибиндеги бала бакча ачылат.

Пикир

Оставить комментарий