• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Жыл башынан бери Кыргызстанга “Жүк-200” менен 124 адамдын сөөгү алынып келди

Коом 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанга “Жүк-200” менен 124 кыргызстандыктын сөөгү алынып келди. Бул тууралуу брифинг учурунда Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, 124түн ичинен 102си эркек, 22си кыз-келиндер болгон.

“22 жашка чейин 7, 22ден 30 жашка чейин 26, 30дан 40ка чейин 28, 40тан жогору 63 адам келген. Алардын 91и оорудан, 12си кырсыктан, алтоо жол кырсыгынан, экөө өзүнө кол салуудан, 9у такталган эмес, экөө киши колдуу болуп каза болгон. Жыл сайын Кыргызстанга чет өлкөдө каза болгон 300 мекендешибиздин сөөгү алынып келет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий