Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Балдарды коргоо күнүн майрамдоонун алкагында Бишкектеги №88 орто мектептин базасында Октябрь районунун шахмат боюнча мелдеши өткөрүлдү.
Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Октябрь районунун акими Азамат Дороев, райондун билим берүү уюмдарынын окуучулары катышты.
Турнирдин максаты - балдардын көңүлүн шахматка буруу болу саналат. Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулду.
Жеңүүчүлөр:
1-орун №64 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Осмонов Умар;
- Кубанычбеков Асылтай;
- Исабеков Эламан;
- Болотова Айдеми.
2-орун - №17 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Исаков Артем;
- Левандовский Андрей;
- Исакова Элина;
- Тапаев Татухан.
3-орун - №37 мектеп-гимназиясынын окуучулары:
- Алыкулов Аладин;
- Исатаев Искандер;
- Нурбеков Атай;
- Жолдошбаев Шамиль.
Жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.
Пикир
Оставить комментарий