• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин базасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 3-марттан 5-мартка чейин өткөн мелдешке 130 спортчу катышты.

Турнирдин максаты - Кыргызстанда оор атлетиканы кеңири жайылтуу, спорттун чеберчилигин жогорулатуу, райондор менен облустар ортосундагы достук байланышты мындан ары чыңдоо жана Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасын толуктоо болуп саналат.

Мелдеш мэриянын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгына караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы КР Оор атлетика федерациясы менен биргеликте уюштурган.

Ошентип, чемпионаттын жыйынтыгы боюнча СДЮСШОРдун оор атлетика боюнча тарбиялануучулары байгелүү орундарды ээледи:
- Туратбеков Талант (67 кг) – 1-орун;
- Муратбек уулу Ишимбек (73 кг) – 1-орун;
- Таиров Эльзар (81 кг) – 1-орун;
- Эмил Молдодосов (89 кг) – 1-орун;
- Расулбеков Бекдөөлөт (109 кг) – 1-орун;
- Илхам Кадырахунов (+109 кг) – 1-орун;
- Курбанбек кызы Айдай (59 кг) – 1-орун;
- Жеңишбек кызы Жамиля (64 кг) – 1-орун;
- Анжела Платова (71 кг) – 1-орун.

- Жайлообек уулу Азамат (81 кг) – 2-орун;
- Алишеров Рыскелди (89 кг) – 2-орун;
- Байгачева Анисия (59 кг) – 2-орун;
- Догдурбекова Баяна (64 кг) – 2-орун;
- Агата Байгачева (+76 кг) – 2-орун.

- Арсен Өмүржанов (61 кг) – 3-орун;
- Нурланбек уулу Нурчолпон (73 кг) – 3-орун;
- Жолдошкулов Айтегин (96 кг) – 3-орун;
- Минназаров Мухаммед (+109 кг) – 3-орун.

Пикир

Оставить комментарий