• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Милиция жетиөгүздүк жарандын үйүнөн алты килограммдан ашуун баңгизат тапты

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын жашоочусунун үйүнөн алты килограммдан ашуун баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция 45 жаштагы К.М. аттуу жарандын үйүндө кызматтык издөө итинин жардамы менен тинтүү жүргүзүп, үйүнүн чатырынан баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизат 4 кг 212 гр “марихуана” жана гашиш 2 кг 90 гр “гашиш” болуп аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий