• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Токмокто абакта отурган адам башка бирөөнүн атынан насыя алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Токмокто абакта отурган адам башка бирөөнүн атынан насыя алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык милициясына 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, март айында анын атынан кимдир бирөө 10 миң сом өлчөмүндөгү насыя алгандыгын билдирген.

Чүй ОИИББнын жана Токмок ШИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жарандын өздүгү такталып, кылмышка шектүү делип абакта жаткан 1999-жылы туулган Б.У. аныкталган.

Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн шектелген адам Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, башка аймактарда да ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыктары текшерилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Чүй ОИИББы жарандарды ар кандай алдамчылык аракеттерге жол бербөөгө, эч кандай документтерди жана банктык же башка карталарынын номерлерин көрсөтпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий