• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкектин Панфилов көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери аталган көчөнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлдү.

Ушундай эле жумуштар Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлөт.

Бул объектиде бригада эски асфальтты алып, жол жээктерин орнотуп, мындан ары асфальттоо үчүн жолду даярдоо иштерин жүргүзүүдө. 10 күндүн ичинде асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери башталат. Жолдун бөлүгүндөгү иштери аяктагандан кийин тротуарды оңдоо иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий