• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте рейд учурунда кароосуз жүргөн 13 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда өткөрүлгөн рейд учурунда кароосуз жүргөн13 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Рейдге райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана Свердлов райондук МАБдын өкүлдөрү катышты.

Рейд учурунда "Айчүрөк", "Чынар" ГУМ, "Дордой-Плаза" соода-борборлору, "Дордой-Аламүдүн", "Мадина" базарлары, "Ак-Эмир", "Улар", "Таалай" кичи базарлары, Свердлов районунун аймагында жайгашкан мечиттер, компьютердик клубдар, парктар текшерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысынан 13 өспүрүм аныкталып, анын ичинен 3 өспүрүм ИИМдин Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 10 өспүрүм профилактикалык иштерден кийин ата-энелерине өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, рейд кароосуз жүргөн жашы жете элек балдарды, ошондой эле кайырчылык менен алектенген жана оор жумушка тартылган балдарды аныктоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий