Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндөгү тротуардын курулушу 95%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндөгү тротуардын курулушу 95%га аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тротуарды асфальттоо иши жүрүүдө. Узундугу 1 миң 458 погон метрди түзгөн көчөнүн Түштүк магистралдан №6 үйгө чейинки бөлүгүндө жумуштар бүткөрүлдү.

Ал эми түштүк тарабында эски асфальты сыйруу, негизин даярдоо, бордюр жана ирригация системасын орнотуу, асфальтка даярдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле тиешелүү документтер бүткөрүлгөндөн кийин №6 үйдөн Каралаев көчөсүнө чейин иштер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий