• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт шаар тургундарын штаттык режимде тейлөөдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 122 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 492 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 276 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр транспорт» ЖЧКсынан 117 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыкты

Мындан тышкары, шаар аймагында 634 кичи автобус да каттоодо.

Бишкек мэрясы муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз каларын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий