Бишкектин түштүк тарабындагы жол тыгыны. Мэрия көйгөй чечилгендигине ынандырууда

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы “Кабар” агенттигине Токомбаев көчөсүндө коомдук транспорт үчүн уюштурулган тилкеге байланыштуу шаардын түштүк кичирайондорунда орун алган тыгын көйгөйүн чечкендигин билдирди.

Эскерте кетсек, август айынын аягында Бишкекте биринчи жолу коомдук транспорт үчүн атайын тилке 12-кичирайонундагы Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө уюштурулган. Жыйынтыгында аталган көчөдө, ошондой эле Юнусалиев, Сухэ-Батор жана аларга жанаша жайгашкан көчөлөрдө унаа тыгыны орун алган.

Редакция мэрияга маселени чечүү үчүн кандайдыр бир иш-аракеттер жасалабы деген суроо менен кайрылды. Мэриянын капиталдык курулушу башкармалыгынан бул маселе күн мурун эле чечилгендигин билдиришти.

“Биз Токомбаев, Куттубаев, Юнусалиев, Сухэ-Батор, Жукеев-Пудовкин жана Байтик баатыр көчөлөрүндө жол чырактын жашыл жарыгын 45 секундга көбөйттүк. Буга байланыштуу тыгын жоюлду. Ал жерге барып, абалды дагы бир жолу текшеребиз”, - деп белгилешти башкармалыктан.

Пикир

Оставить комментарий