• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандын курамасынын Азия оюндарына кие турган параддык жана спорттук кийими даяр болду

Спорт 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын курама командасынын Азия оюндарына кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында (Кытай) XIX жайкы Азия оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 230дан ашуун киши катышат.

Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 23-сентябрь күнү Азия оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы Азия оюндарынын демөөрчүлөрүнүн бири болгон “361” компаниясы даярдады.

Жалпы экипировка 13 элементтен турат: атайын параддык форма, спорттук форма, жеңил куртка, футболкалар, рюкзак, сүлгү, чемодан ж.б.

Эске салсак, экипировканы Дене тарбия жана спорт департаменти, КР Улуттук Олимпиада Комитети менен биргеликте “361” компаниясы менен келишим түзүп, атайын даярдалган дизайндын негизинде акысыз алды.

Пикир

Оставить комментарий