• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө тротуар куруу иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндө тротуар куруу иши уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабында ирригациялык система жана бордюрлар орнотулуп, люктарды көтөрүү жана тротуардын негизин даярдоо иштери башталды.

Ал эми Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгүндө ирригациялык системаны орнотуу иштери 90%га аяктады. Ошондой эле тротуар бордюрларын орнотуу иштери 40%га бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий