• 87
  • 90.55
  • 0.84

Бишкектеги сейил бакка таза суу түтүктөрү орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бишкектеги Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакка таза суу түтүктөрү орнотулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күндө, жазга чейин суу берүүнү баштоо үчүн бургулоо техникалары тынымсыз иштеп жатат.

Долбоорго ылайык, скважинанын тереңдиги 210 метрди түзүп, ал курулуп жаткан Токомбаев-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил багын жана Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин достугу сейил багын суу менен камсыздайт.

Белгилей кетсек, Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын жалпы аянты 10,2 гектарды түзөт. Азыркы учурда брусчатка жана бордюрларды төшөп, ирригациялык система орнотулуп жатат.

Ал эми Кыргызстан менен Азербайжандын элдеринин достугу сейил багында тышкы инженердик тармактарды куруу: трансформациялык көмөкчордонду, электр кабелдерин, суу жана канализация тармактарын монтаждоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий