• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кетерин билдирди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кетерин билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, социалдык маселелер боюнча вице-мэрлик кызмат өтө жоопкерчиликтүү жана эмоционалдык жактан оор.

“Айжан Чыныбаева социалдык багыттан тышкары борбордогу пандемияга каршы күрөштү дагы көзөмөлдөйт. Мындан сырткары, вице-мэр Баткен облусуна гуманитардык жардамды чогултуу жана бөлүштүрүү иш-чараларынын жигердүү катышуучусу экендигин белгилейбиз. Биз ишине толук берилгендигин баалайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Муниципалитеттен кошумчалагандай, Айжан Чыныбаева расмий түрдө кызматтан кете элек.

Пикир

Оставить комментарий