• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкектин жети жерине жол чырактар орнотулат. Даректер

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Бишкектин жети жерине жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти борбор калаанын жети жерине жол чырактарды орнотууга тендер өткөргөн.

Жол чырактар төмөнкү жолдун кесилишинде орнотулат:

- Л.Толстой – М. Ауэзов көчөсүндө;
- Профсоюзная – Бородина көчөсүндө;
- И. Ахунбаев – К. Тыныстанов көчөсүндө;
- Шералиев – Күйүкова көчөсүндө;
- Салиева – Буденный көчөсүндө;
- Манас – Кокчетавская көчөсүндө;
- Сухэ-Батор – 7-Апрель көчөсүндө.

Белгилей кетсек, жарандардын келип түшкөн кайрылууларынан улам, И.Ахунбаев менен К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан светофор объектисинде аудио коштоочу аппарат орнотулат.

Жол чырактар 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.

Белгилей кетсек, быйыл борбор калаага 31 жаңы светофор орнотулуп, жыл аягына чейин дагы 11 жол чырак орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий