Жаңы газ түтүгүнө кайра туташуу. Бишкектин бир районунда дээрлик 20 күн газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. 21-июндан 9-июлга чейин Бишкектин Москва көчөсү – Жибек Жолу проспектиси жана Осмонкул көчөсү – Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймагына жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, газ берүү Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтырууга байланыштуу токтотулат.

“Жумуштар 4 этапта жүргүзүлөт, ар бир этап аяктаган соң абоненттерге кезеги менен жаратылыш газын берүү калыбына келтирилет. Ишти толук аяктоо 9-июлга пландаштырылган. Кайра кошуу процессин тездетүү үчүн кошумча "Чүйгаз" жана "Түндүктрансгаз" филиалдарынын кызматкерлери дагы тартылат”, - деп айтылат маалыматта.

Фрунзе көчөсүндөгү иштер борбор калаанын газ бөлүштүрүүчү инфраструктурасын жаңылоо боюнча газ кызматынын иш-чаралар планына кирет.

Совет доорунда орнотулган орто басымдагы жер астындагы газ түтүгү 40 жылдан ашык убакыт бою кызмат өтөп, дээрлик толугу менен эскирген. Ошондуктан буга чейин узундугу 5,9 км болгон жаңы газ өткөргүч түтүгү орнотулуп, ага пландаштырылган иштердин алкагында Фрунзе көчөсүндөгү бул тилкеде жайгашкан шаардыктардын үйлөрүнө жаратылыш газын берүүнү камсыз кылган 16 газорегулятордук шкаф кайра туташтырылат.

"Газпром Кыргызстан" филиалдары Бишкек шаарында гана эмес, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунун айрым тилкелеринде дагы газ бөлүштүрүүчү инфраструктураны жаңыртуунун үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Алсак, 2016-жылдан бери 100 км эскирген газ түтүктөрү алмаштырылды.

«Бишкекгаз» шаардыктарды убактылуу өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий