• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Келтирилген зыян 7 млн сом. Сокулукта жерди мыйзамсыз каттагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Сокулук районунда жерди мыйзамсыз каттагандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусундагы мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштерди жүргүзүү учурунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесине (“Документтердин жасалмасын жасоо”) жана 209-беренесине (“Алдамчылык”) ылайык Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. кармалган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, анын алкагында аталган адамдар жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган, муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтирген.

2023-жылдын 15-июнунда Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий