• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, соода күркөлөрү алынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, соода күркөлөрү алынууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин көчөсүндөгү тротуардын курулушуна тоскоолдук жараткан аялдама буздурулду. Мындан сырткары, Токтогул сейил багындагы үч соода күркөсү, Жеңи-Жок көчөсүндөгү тротуарга мыйзамсыз орнотулган контейнер алынды.

Алдыда мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана буздуруу иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий