• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкектин жолдорунда курулуш иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Бишкектин жолдорунда курулуш иштери жүрүп жатат, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, соңку убакта Бишкек шаарында унаалардын көп агымы байкалып, анын айынан маал-маалы менен чоң тыгындар пайда болууда. Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы менен “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол жээгине кошумча бир тилке кошуу менен кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө. Курулуш иштери Ч. Айтматов-Горький көчөлөрү, Байтик-Баатыр-Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) да жолду кеңейтүү тизмесине киргизилген.

Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине ылайык, Манас/Ч.Айтматов проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин өндүрүштүк планга киргизген. Учурда Л.Толстой көчөсүнөн баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин асфальт төшөө үчүн бордюрларды орнотуу жана фундаментти даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле жолдорго жана аялдамаларга бороон-чапкынды кабыл алуучу торлор (ЖПР) орнотулат.

Мындан тышкары, “Бишкекасфальтсервис” МИ борбор калаанын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий