• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда жаздык эгин өткөн жылга салыштырмалуу 26 пайызга аз айдалды

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды, - деп кабарлайт Улуттук статистика комитети.

Маалыматка ылайык, март айында белгиленген аба ырайынын туруксуз шарттары (температуранын төмөндөшү менен жаан-чачындын көп болушу) жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата республика боюнча жалпысынан 78 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 26 пайызга аз.

Жаздык арпа эгилген аянт үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата өткөн жылдын ушул эле датасына жаздык эгин себилген аянтка карата 79,4%, жаздык буудай 69,3%, картошка 68,0%, көп жылдык чөптөр 61,2%, жашылчалар - 50,2% жана май өсүмдүктөрү - 44% түздү.

23-мартка карата жаздык эгиндерди түрлөрү боюнча себүү

Нет описания.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында 2022-жылдын 23-мартына карата эң чоң салыштырма салмакты Чүй облусунун чарбалары - 50,4%, Ош - 28%, Баткен - 12,2% жана Жалал-Абад облустары - 8,2% түзөт.

23-мартка карата аймактар боюнча жаздык эгиндерди себүү

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий