• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилип, Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек - Ош унаа жолунун 81 чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

"Кыргызавтожол" ишканасы жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий