• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Быйыл Кыргызстан Монголияга $624,9 миң айыл чарба продукциясын экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Монголия мамлекети менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 624,9 миң долларды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен экспорттун көлөмү 445,8 миң долларды түздү:

- жашылча-жемиштерден жасалган даяр азыктар 303,3 миң доллар;
- кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар 69,4 миң доллар;
- какао жана андан жасалган азыктар 38,5 миң доллар;
- жемиштер 20,7 миң доллар;
- жашылчалар 6,0 миң доллар.

2022-жылы Кыргызстан менен Монголиянын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жалпысынан 2,8 млн долларды түзгөн.

- айыл чарба продукциясынын экспорттук көлөмү 2,4 млн доллар;
- кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар жалпы 110,6 миң доллар;
- мөмө-жемиш 163,2 миң доллар (экспорт);
- жашылчалар 85,3 миң доллар (экспорт);
- жаңгактарды кайра иштетүү продуктуларына 51,1 миң АКШ доллар (экспорт);
- экспорттун эң көп үлүшүн дан эгиндеринен, ун, крахмал же сүттөн жасалган даяр продуктулар жана кондитердик азыктар түзүп, жалпы 729,1 миң АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий