• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкекте жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Курманжан датка көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки аралыгынын чыгыш тарабында чуңкурларды жамоо иштерин жүрүүдө. Ошондой эле Чүй проспектиси менен Жибек Жолу проспектинин ортосундагы тилкени жамоо иштери пландалууда.

Белгилей кетсек, көчөнүн бул бөлүгү бүткөрүлгөндөн кийин Салиева көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө чуңкурларды жамоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий